• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Бирдиктүү эл – өнүккөн өлкө”. Бишкекте президенттин катышуусунда жалпы улуттук форум өтөт

Маданият 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Бишкекте 13-ноябрда “Бирдиктүү эл – өнүккөн өлкө” аталыштагы жалпы улуттук форум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү максатында өтчү иш-чарага президент Садыр Жапаров катышат.

Кыргыз жараны концепциясында белгиленген принциптерди жана багыттарды мындан ары илгерилетүү маселесин талкуулоо үчүн форумга мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, билим берүү жана маданият тармагынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, диний коомчулуктун жана кыргыз жараны катары өлкөгө салым кошкон ар тармактын (мугалим, чек арачы, өрт өчүргүч, медик, спорчу, ишкер, тазалык кызматкери ж.б.у.с.) өкүлдөрү катышат.

Улуттук форумдун максаты — Кыргызстан элинин биримдигине жана туруктуу тынчтыкты курууга жетүү үчүн улуттук прогрессти жана чакырыктарды карап чыгуу, коомдук биримдикти чыңдоого, жарандык интеграцияга багытталган Кыргыз жараны концепциясынын учурдагы абалы боюнча пикир алышуу жана аны мындан ары жайылтууга багыт берүүнү көздөйт.

Форумда өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы боюнча ар кайсы тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда пленардык жыйын орун алып, медиа, бизнес жана жарандык коомдун элдин биримдигин чыңдоодогу ролу, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын элдин биримдигин чыңдоодогу орду тууралуу тармактар боюнча сессиялар өтөт.

Андан тышкары, “Мен Кыргыз жараны катары өлкөнүн өнүгүшүнө кандай салым кошо алам” темасынын айланасында талкуу өтүп, Кыргыз жараны концепциясында белгиленген принциптерди жана багыттарды мындан ары илгерилетүү маселеси талкууланып, резолюция кабыл алынат.

Форум Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий