• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы казакстандык транзиттик жүргүнчүлөр үчүн транспорт, тамак-аш жана жатакана уюштурду

Коом 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен тыгыз жана тынымсыз байланышта болуп, «Манас» аэропортуна учуп келүүгө аргасыз болгон Казакстандын жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча иш алып барууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, казакстандык транзиттик жүргүнчүлөрдү муниципалдык транспортторду тартуу менен ташуу уюштурулуп, ошондой эле алар Казакстанга жөнөгөнгө чейин Бишкектеги мейманканаларда түнөө жана ысык тамак менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мэрия ошондой эле ыктыярчыларды биргелешип иш-аракеттерин пландаштырууга чакырат, бул үчүн төмөндөгү телефон аркылуу байланышууга болот: + 996 555 988 866 Исаков Миргазы Маратович, мэриянын аппарат жетекчиси, же Чүй пр., 166 дареги боюнча келүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий