• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

KOICA Бишкек мэриясына меджабдууларды сатып алуу үчүн 22 млн сом берет

Коом 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ жана Кыргызстандагы KOICA өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кореянын шаарлары менен Бишкек шаарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында борбор калаанын мэриясы менен корей агенттигинин ортосунда COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга туруктуулукту жогорулатуу жөнүндө эл аралык кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюу аземи болду.

Келишимдин алкагында шаардык саламаттык сактоо мекемелерине медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн муниципалитетке кайтарымсыз негизде 22 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Жабдууларды сатып алуу жол-жобосу КР мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий