• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек - Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-майда саат 13:15 чамасында "Бишкек-Ош" унаа жолунун 197-чакырымында 1983-жылы туулган О.Т. аттуу Ош облусунун Алай районунун тургуну “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып, 1981-жылы туулган А.С. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусунун башкаруусундагы "Хундай-Гетц” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Хундай-Гетц” унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши алган жаракаттарынан улам каза болуп, 2 өспүрүм Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган.

Айдоочулар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий