• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарынын жашоочусунун унаасынан 3 кг баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургунунун унаасынан 3 кг марихуана баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички ищштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам маалыматты текшерүү учурунда Бишкек – Торугарт жолунун 23-чакырымында "Тайота Авенсистин" унаасын токтотушуп, текшергенде унаанын багажнигинен көлөмү 5 литрлик пластик бөтөлкөнүн ичинде өзгөчө жыты бар эзилген зат алынган.

Алынган заттын жалпы салмагы 3 кг болгон 85 грамм кургатылган марихуана экени аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган айдоочу 39 жаштагы С.Р. андан ары иликтөө үчүн Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий