• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Кийинки отурум 26-июнда өтөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук отурум Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 26-июнь күнү өтөт.

Эске сала кетсек, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашырууда коррупция болуп, мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ошого байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий