• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 100 элечекти 1 саатта ороо акциясы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Бишкекте Эл аралык “Оймо” фестивалынын алкагында 100 элечекти 1 саатта ороо акциясы өтөт. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда саат 17:00дө Курманжан Датка эстелигинин алдында болот. Бул тууралуу “Кийиз дүйнө” коомдук фондунан кабарлашты.

Иш-чара үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата уюштурулууда жана бардык каалоочулар катыша алат.

“Элечек ороо калк ичинде 2013-жылдан тарта кайрадан жанданып, көп аялзаты кийип баштады. Элечектин көптөгөн түрлөрү салттуу билимди алып жүргөн энелердин жардамы менен оролуп, жалпы эл элечек тууралуу маалымат ала алды. “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду көчмөн жашоо маданиятын жандандыруу, өнүктүрүү, сактап калуу аркылуу, кыргыз элинин салттык билимдерин эл арасында жайылтуу үстүндѳ иш алып барат. Негизги басым кыргыз элинин салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталган”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий