• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте "Ак илбирс" эко-спектаклинин бет ачары өттү — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 08.04.24./Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында "Ак илбирс" эко-спектаклинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спектакль белгилүү жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун чыгармасынын негизинде Жамал Сейдакматова атындагы "Тунгуч" жаштар драма театры тарабынан даярдалган.

“Ак илбирс” спектаклинде экология, айлана-чөйрөнү сыйлоо жана адам баласынын ырайымсыздыгы, адамзаттын жок болуп бараткан жаныбарларды жок кылып жаткандыгы көтөрүлөт.

Режиссёру — Гаухар Ажигулова.

Белгилей кетсек, спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат

Спектакль 16-17-19-апрель күндөрү “Сейтек” балдар борборунда уланат

Максаты — калктын экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүнө экологиялык саясатты жакшыртууга көмөк көрсөтүү, Кызыл китепке кирген жаратылышты жана жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгун белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүү болуп саналат.

Спектакль Кыргыз Республикасынын президентинин колдоосу менен коюлууда.

Белгилей кетсек, ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды. Тиешелүү жарлыкка 2023-жылдын декабрында президент кол койгон.

Кыргызстанда 330 ак илбирс бар.

Пикир

Оставить комментарий