• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте акциздик маркасы жок 3 миң кутудан ашык тамеки тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Бишкектин Орто-Сай базарынын аймагында акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы 3 миң 392 куту тамеки тартып алынган.

Көрсөтүлгөн бузууларга жол берген ишкердик субъектине карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары менен тамеки жана алкоголдук продукцияларды сактоо жана сатуу фактылары табылган учурда жергиликтүү салык органына же (0779)61-31-89 номери боюнча ишеним телефону аркылуу кайрылууга чакырат.

Алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоого багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий