• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Бишкек гарнизонунун келишим кызматынын офицерлери жана аскер кызматкерлери үчүн 27 батирлүү үйдү колдонууга берүү салтанаттуу иш-чарасы болду.

КР башкы штабынын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы турак жайдын ачкычын КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, КРнын Куралдуу күчтөр башкы штабынын башчысы, генерал-майор Р.Дүйшенбиев тапшырды.

“Үйдүн курулушу КРнын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашты”,-деп айтылат билдирүүдө.

Аталган 9-кабаттуу жаңы үйдө бир бөлмөлүү 9 жана 2 бөлмөлүү 18 батир бар. Турак жай толук бүткөрүлгөн: батирлер газ, электр энергиясы, борбордук жылуулукка кошулган жана лифт бар. Үйдү колдонууга берүү тууралуу акт 2017-жылы 27-мартта бекитилген.

Жаңы үйдөгү батирлерди бөлүштүрүү аскер кызматкерлердин канча жыл кызмат кылганын, социалдык адилеттүүлүк принцибин сактоо менен алардын дайыма согуштук даярдыгына байланыштуу кызматтык милдетин так аткаруусун эске алуу менен комиссиялык түрдө жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын экинчи жагымдуу учуру аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн кийинки 54 батирлүү 9 кабаттан турган үйдүн курулушунун пайдубалын түптөө болду. Азыркы учурда үйдүн долбоору толугу менен иштелип чыккан – анда үч балмөлүү 18, эки бөлмөлүү 36 батир болот. Колдонууга берүүнүн болжолдуу мөөнөтү – 2017-жыл сентябрь айы.

Пикир

Оставить комментарий