• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир айлык өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир айлык өтүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдын урматына медициналык кызматкерлер кичинекей бөбөктөр үчүн флешмоб, сүрөт сынактарын, концерттик программаларды жана лекцияларды уюштуруп, балдарга белектер жана балмуздак таратылды.

Ошондой эле бир айлыктын алкагында турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, баш калкалоочу жайларда, интернаттарда жашаган балдарга акысыз тереңдетилген медициналык кароо жүргүзүлүүдө. Муктаж болгон балдар көрсөткүчтөр боюнча ММКнын кошумча программасы боюнча дары-дармек каражаттары менен камсыз болушат.

Балдарга медициналык жардамды шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасы, үй-бүлөлүк медицина борборлору, шаардык стоматологиялык эмканалар, балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий