• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто окуучулар арасында «Мыкты китеп окурманы» сынагы өттү

Билим 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети «Билерман ордо» клубу менен биргеликте түштүк аймагындагы мектеп окуучулары арасында «Мыкты китеп окурманы» сынагын өткөрдү.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка жалпы 300гө жакын окуучу катышты.

Окуучулар сынактын биринчи баскычында «Тоолор кулаганда» романынын негизинде түзүлгөн 20, экинчи этапта интеллектуалдык 20, үчүнчү этапта логикалык 20 суроого жооп беришти.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдорду тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий