• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бир жумада 67 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-19-август күндөрү Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 227 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 67;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 14;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 89;

- жасалма мамлекеттик номур менен автоунаа башкаруу - 2;

- автоээнбаштык - 1

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4054. Ар кандай эреже бузган 299 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий