• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте дагы бир балдар ооруканасы ачылат

Ден соолук 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Бишкекте 2024-жылдын башында Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар поликлиникасы ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда имаратта оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Оорукананы 2024-жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрдан тарта Бишкек шаарында кошумча 4 балдар поликлиникалык бөлүмдөрү уюштурулду. Ошто балдарды кабыл алуу үчүн Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клинико-диагностикалык бөлүмүн кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий