• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн К.А.В. аттуу Россиянын жараны кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, К.А.В. жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

Ведомстводон белгилешкендей, К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) аркылуу РФ Кылмыш-жаза кодексинин 162 (Каракчылык), 209 (Бандитизм), 222 (Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Ошону менен бирге ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык акчалай сыйлык үчүн КР жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий