• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте маршрутканын ичинен аялдын $40 миң жана телефонун уурдаган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Бишкекте маршрутканын ичинен аялдын $40 миң жана телефонун уурдаган киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-январда 1979-жылы туулган О.Н. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:08де 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташуучу маршрутканын ичинен баштыгын уурдап кетишкендигин билдирген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармап, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий