• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз курулган тосмолор алынды

Коом 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Бишкекте №4 кичирайондогу көп кабаттуу үйдүн айланасындагы №134 бала бакчанын жолун тосуп турган тосмолор алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жана "Тазалык" ишканасынын атайын бөлүмү иш алып барды.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө №4 кичирайонундагы №7/2 үйдүн айланасы 13 жана 5 метрге муниципалдык жердин эсебинен кеңейтилгени аныкталган.

Үйдүн түштүк тарабына темир тосмолор орнотулган. Ошондой эле кеңейтилген жерге эч кандай уруксат кагаздары жок бастырма орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий