• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте окуучулар арасындагы VIII спартакиаданын жыйынтыгы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкекте окуучулар арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча VIII республикалык спартакиада өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Республикалык кароо-сынакка облустук деңгээлдеги мелдештердин жеңүүчүлөрү саналган 9 команда катышты.

Жыйынтыгында республикалык этапта байгелүү орундарга ээ болгон тайпалар:

1-орун – Бишкек шаарындагы Сверлов районунун № 89 жалпы билим берүү орто мектебинин командасы;

2-орун – Талас облусунун Талас шаарындагы Талас облустук лицей-комплексинин командасы;

3-орун – Ош облусунун Ноокат районундагы Жийде орто мектебинин жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы № 2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинин командалары.

Жеңүүчүлөр жана катышуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин атайын дипломдору, ыраазычылык каттары, ошондой эле мектептердин материалдык- техникалык базасын чыңдоого керектелүүчү баалуу белектер менен сыйланышты.

Спартакиаданын максаты – жаштарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга кызыктыруу, аскерге чейинки даярдыктарды чыңдоо, жаштарды жалпы массалык спорттук машыгууга көнүктүрүү, окуучулардын ден соолугун чыңдоо жана спорттук чеберчилигин өркүндөтүү.

Пикир

Оставить комментарий