• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте окуучулардын Республикалык олимпиадасы башталды

Билим 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Бишкекте окуучулардын Республикалык олимпиадасы башталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиада 10 сабак: кыргыз тили, орус тили, англис тили, математика, биология, химия, физика, география, тарых жана информатика боюнча өтөт.

Республикалык олимпиадага Кыргызстандын бардык аймактарынан 10-11-класстын 316 окуучусу катышат.

“Манас” КТУда өткөрүлөт. Иш-чаранын жүрүшүнө онлайн режиминде live.manas.edu.kg сайтында, mediamanas Youtube каналында жана Facebook - @mediamanaskg баракчасында байкоо жасоого болот.

Ата-энелер жана көз карандысыз байкоочулар үчүн атайын жабдылган зал жана түз алып көрсөтүү камсыздалган.

Олимпиада 25-26-мартка чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий