• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Россия киносунун күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкекте Россия киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россиянын кинолору 14-июлдан 16-июлга чейин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында көрүүчүлөргө тартууланат.

Аталган кино күндөр Russian Film Festival брендинин негизинде өткөрүлүүдө. Иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу жана "Роскино" тарабынан уюштурулууда. Программага комедия, кызыктуу окуяларга бай анимациялык фильмдер камтылган.

Эске салсак, Россия киносунун күндөрү быйыл Кыргызстанда үчүнчү ирет өтүп жатат.

Былтыр Россия кино күндөрү Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун көрүүчүнү өзүнө тарткан.

Бул ирет көрүүчүлөргө Россиянын төмөнкүдөй кинолору тартууланат:

14-июль, саат 19:00 — "Родители строгого режима", режиссёру Никита Владимиров, 2022-жылы экранга чыккан (12+);

15-июль, саат 12:00 — "Чинк: Хвостатый детектив", режиссёру Григорий Вожакин, 2022-жылы тартылган (6+);

Саат 16:00 — "Гром: Трудное детство", режиссёр Олег Трофим, 2023-жылы экранга чыккан (18+).

6-июль, саат 12:00 — "Три богатыря и конь на троне", режиссёру Дарина Шмидт, Константин Феоктиство, 2021-жылы экранга чыккан (6+).

Саат 14:00 — "Я худею", режиссёру Алексей Нужный, 2018-жылы тартылган (16+).

Пикир

Оставить комментарий