• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте шайлоо тилкелеринин айланасындагы мыйзамсыз орнотулган жол белгилери алынууда

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоо үчүн оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого карата шайлоо учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол транспорт кырсыгын алдын алуу үчүн жана шайлоо укугун толук кандуу камсыздоо үчүн шайлоо тилкелери жайгашкан аймактарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Кызматкерлер айрым туура эмес жана эскилиги жеткен же мыйзамсыз орнотулган жол белгилерин алдырып, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугуна тоскоолдук жараткан көп жылдык дарактардын ашыкча өскөн бутактарын жана мамыча күңүрттөрүн кестирип алдырышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий