• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Венгриянын элчилиги ачылды

Саясат 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Кечээ, 19-февраль күнү Бишкек шаарында Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Элчиликтин ачылышына КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто катышкан.

Ачылыш аземинде Айдарбеков сөз сүйлөп, Венгриянын Кыргызстанда дипломатиялык өкүлчүлүгүн түзүп жатканын Кыргызстан тарап жогору бааларын белгилеген. Анын айтымында, эки тарап биргелешкен күч-аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты жаңы стратегиялык деңгээлине алып чыга алат.

"Венгриянын жетекчилигинин элчиликти ачуу тууралуу чечими биздин элдерди мындан ары жакындатат жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө түрткү берет деп ишенем. Венгрия Кыргызстан үчүн боордош өлкө. Биздин өлкөлөрдү илгертен бери тарыхый жана маданий байланыштар бириктирип турат. Биздин элдердин ортосунда жакындык жана бир туугандык мамилелер бар. Мунун өзү биздин байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө негиз болуп берет", - деген Айдарбеков.

Ал эки мамлекеттин ортосунда тыгыз саясий диалог түзүлгөнүн белгилеген.

Аны менен бирге Айдарбеков ушул жылы КР президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга расмий сапары пландалганын айтып өткөн.

Пикир

Оставить комментарий