• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Акылбек Жапаровдун катышуусунда көп тармактуу ишкер миссиясы өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда россиялык компаниялардын Кыргызстандагы эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясы өтүүдө.

Акылбек Жапаров 2021-жылдын жыйынтыгы менен чет элдик түз инвестициянын суммасы 1 млрд сомдон ашып, пандемияга чейинки жыйынтыкка жеткенин белгиледи.

“Россиядан келген инвестициянын суммасы 145 млн долларды түздү. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок ал көрсөткүч Кытай жана Түркияга караганда бир топ төмөн. Бүгүнкү иш-чара атамекендик компаниялар менен россиялык өнөктөштөр ортосунда түрдүү тармактарда кызматташууну орнотууга түрткү берет деп терең ишенем”, - деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чара Россиянын өндүрүшчүлөрү, инвесторлору жана экспорттоочулары менен Кыргызстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Россиянын экспорттук борбору тарабынан өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий