• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте жети ай ичинде мас абалында рулга отурган 1,9 миңге жакын айдоочу кармалган

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында башкармалыктын жана полкунун жетекчилик курамы, рота саркерлери жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 7 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, кайгуул кызматкерлери тарабынан 7 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 177 миң 513 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 91 миң 995 протоколго көп түзүлгөн.

Алардын ичинен :

- автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо - 2 103 ;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 1 873;

- авто ээнбаштык - 40;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 409 ;

- автоунааны жасалма же жалган мамлекеттик каттоонун номердик белгилери менен башкаруу -95;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 172 993;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 14 миң 274 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

"Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан 251 млн 276 миң 500 сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 62 млн 21 миң 352 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн. Ошондой эле 7 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 45 миң500 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейлеген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий