• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектин айрым көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке уюштуруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы мэрияга жаңыланган транспорт системасын сунуштап, анда коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке уюштуруу маселеси талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, биринчи этапта Токомбаев көчөсү Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин эки багытта жана Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрү менен Жибек Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкени уюштуруу пландаштырылууда.

Мында мүмкүнчүлүк болсо кесилиштер кеңейтилет жана бул көчөлөрдө жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулат.

Адистер белгилегендей, бул чаралар кыймылдын ылдамдыгын тездетүүгө жана түштүк райондордон Бишкек шаарынын борборуна чейин коомдук транспорттун өтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Мында жеңил унаалар үчүн Жукеев-Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин солго бурулууга тыюу салуу менен түндүктөн түштүк багытка бир тилке менен өтүүнүн альтернативдүү варианты сунушталат.

Мындан ары коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкеси бар борбордук көчөлөрдүн санын көбөйтүү пландаштырылууда.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, мэрдин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов, борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев, мэриянын Транспорт департаментинин директорунун орун басары Улан Уезбаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий