• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 31-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин, Россия элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Бул чектөөлөр 2023-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот.

Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» КР мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимчилиги митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган.

Биринчи май райондук соту акимчиликтин чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Пикир

Оставить комментарий