• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Элебесов көчөсүндө магистралдык канализациянын курулушу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бишкектин Элебесов көчөсүндө Фере көчөсүнөн ылдый, түндүк жана түштүк багытты көздөй магистралдык канализациянын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуш жана архитектура боюнча калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиев шаардык инженердик кызматтар менен биргеликте курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

"Куруучулар түтүктөрдү орнотуу иштерин жыйынтыктап калды, учурда дагы 165 метр магистралдык түйүндү төшөө жүргүзүлүп жатат. Жумуш татаал шарттарда өткөрүлүүдө, бул аймакта жер астындагы суу өтө жогору. Ушундан улам, канализациялык кудуктарды кошумча бекемдөөгө туура келет, алар үчүн атайын бетон каркас жасалат", - деп айтылат маалыматта.

Магистралдык канализациялык түйүндүн жалпы узундугу 1 миң 885 метрди түзөт.

Шаардык бийликтен кошумчалашкандай, долбоорду ишке ашыруу менен бул райондогу 10 көчө жана чолок көчөлөрдөгү турак үйлөр борбордук канализацияга туташтырылат. Анын ичинде «Ак-Тилек» жаңы конушунун Жерге-Тал көчөсү да кирет. Тургундардын айтуусу боюнча, борбордук канализацияга кошулууну алар 30 жыл күтүшкөн.

Шаар тургундары курулушта вице-мэр Уланбек Азыгалиевди көрүп, аталган райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Эскерте кетсек, Элебесов көчөсүндөгү канализациянын курулушун MS Building подрядчы компаниясы жүргүзүүдө. Курулуш иштери сентябрь айынын соңуна чейин бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий