• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Көлмө конушундагы көпүрөнүн курулушу аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Көлмө конушундагы Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.

"Учурда асфальт төшөө үчүн пайдубалын даярдоо иштери бүткөрүлдү, түштүк тарабына ирригациялык түйүндөр тартылды, ушул жылдын аягына чейин көпүрөнүн ачуу аземи пландалган", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, учурдагы өтмөктөн өтүү коопсуздук жараткан эмес.

Ошондой эле жогоруда аталган муниципалдык ишкана тарабынан конуштун 660 метр узундукту түзгөн Мыскал көчөсүнүн Теңдик көчөсүнөн баштап Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүн оңдоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий