• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Бычак менен сайып салган”. Кара-Сууда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-декабрында, саат 19:40 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну М. А., өз үйүндө ашкана бычагынан алган жараатынан каза болгон.

Окуяга шектүү катары маркумдун 41 жаштагы С.Ж., аттуу аялы кармалган.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБне катталып, тергөө иштери башталды. Ыкчам-тергөө тобунун алдын ала берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында жубайлар спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо жаралган пикир келишпестиктен аялы ашкана бычагы менен күйөөсүнүн көкүрөк тушуна бир ирет сайып жиберген. Натыйжада М.А., денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, маркумдун денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмышка шектелип кармалган аял бир айга камалган, учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий