• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Быйыл ИИМдин Криминалистикалык кызматы 4 миң 622 соттук экспертиза жүргүзгөн

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалистикалык кызматынын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 11 айында 4 миң 622 соттук экспертиза жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Соттук экспертизалардын ичинен манжа изин алуу - 2 миң 229, трасологиялык - 96, баллистикалык - 850, кол жазма - 273, курал жарактар - 338, 165 документке техникалык экспертизалары өткөрүлгөн, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун изилдөө - 577, жарылуучу заттар боюнча - 577, ошондой эле 912 криминалисттик изилдөө жасалган.

Криминалисттик кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ыкчам кызыкчылык туудурган адамдардын 16 миң 830 манжа изи идентификациялоонун автоматташтырылган тутумуна (АДИС) “Сонда” киргизилди.

Ошондой эле ачыла элек кылмыштардын кол издеринин маалымат банкы 5 миң 48 объект менен толукталды, бул өз кезегинде кылмыш болгон жерде изин калтырган 337 кылмышкерди аныктоого мүмкүндүк берди. Көрсөтүлгөн мөөнөттө “Сонда” тутумунун жардамы менен 212 факты боюнча белгисиз өлүктөрдүн өздүгү аныкталган.

ТАИС (АБИС) автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутумуна 24 изилдөө объектиси жана 279 салыштыруу объектиси киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий