• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Кара-Кулжа районунда 4 мектеп пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Алайкуу өрөөнүнө болгон жумушчу сапарынын алкагында жаңы мектептердин курулушу менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы иштин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, тийиштүү жетекчилерге ишти жайлатып жаткан айрым кемчиликтерди карап чыгууну тапшырды.

"Президентибиз Садыр Жапаров билим берүүнү приоритет кылып, анын өнүгүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатат. Эми сиздерден сапат жана мөөнөткө жооп берүү талап кылынат. Эгер көйгөйлөр, кыйынчылыктар болсо, ачык талкуулап, чечүү жолдорун издейли. Биз мектеп долбоорлорун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү менен элибиздин ишенимин акташыбыз керек", - деди Элчибек Жантаев.

Жыйынтыгында бардык жетекчилерди жана аткаруучуларды берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, быйыл Кара-Кулжа районунун аймагында 4 мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий