• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чалдыбар айылында спорттук залы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Чалдыбар айылында спорттук залдын ачылышы болду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылындагы мектепте спортзал каралган эмес. Мындан улам, балдар үчүн дене тарбия сабактары ойдогудай өтүлбөй келген.

АРИСтин “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү долбоору” айылдыктарга жалпы аянты аянты 630 чарчы метр түзгөн спорттук зал куруп берген.

Объекттин жалпы наркы 14 млн 189 миң 834 сомду түздү. Анын ичинен донор 13 млн 621 миң 254 сом өлчөмүндө каражат бөлгөн, ал эми коомчулуктун салымы 568 миң 580 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий