• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара чыры: Баткенде абал турукташып, тургундар үйлөрүнө кайтууда

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрель саат 12:00гө карата Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17 миң 799 жарандын ичинен 8 миң 687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты.

Ал эми ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.

Мындан сырткары, 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техника даярдыкта турат. Ошондой эле жарандарды ташуу үчүн райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 автоунаа тартылды.

Эскерте кетсек, абал курчуган айылдардан жалпы 18 миң 507 жаран эвакуацияланып, анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17 миң 799 жаран (3 миң 398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.

Пикир

Оставить комментарий