• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы чыр: Баткен облусунда жабыркагандардын саны 12ге жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. 28-январь саат 14:30га карата Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен жабыркагандардын жалпы саны 12 адамды түздү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Жабыркагандардын бардыгы Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылды, алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Тиешелүү дарылануудан өтүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын 11 аскер кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 11 адам жабыркап, ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий