• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 9 млн 108 миң 670 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 4 млн 540 миң 947 адам айыкса, 472 миң 703 киши каза болгон.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 312 миң 302 киши, Бразилияда − 1 млн 106 миң 470, Россияда − 598 миң 878, Индияда − 440 миң 215, Улуу Британияда − 306 миң 761, Перуда − 257 миң 447, Чилиде − 246 миң 963, Испанияда − 246 миң 504, Италияда − 238 миң 720, Иранда − 207 миң 525, Францияда − 197 миң 381 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий