• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ДКО-2018: Казак улакчылары көк бөрү боюнча коло байге утушту

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 07.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Казакстан менен Москва облусунун (Россия) курамалары ортосундагы оюн аяктады.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп 9:0 болуп, казак улакчыларынын эсебине чечилди.

Оюн 17:1 эсеби менен аяктап, Казакстандын курамасы коло утту.

Учурда көк бөрү боюнча финалдык оюн башталганы турат, анда Кыргызстан менен Өзбекстандын курамалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий