• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕАЭБ өкмөт башчылары Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселесин карайт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынынын алкагында өкмөт башчылары Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын уставынын жана келишиминин долбоорлору бардык макулдашуу процедураларынан өткөн.

“Компаниянын алдын ала уставдык капиталы 15 млрд рублди түзөт. Өз кезегинде, компаниянын иши экспорттук операцияларды, кооперациялык долбоорлорго ар кандай инвестицияларды кайра камсыздандырууга жана жалпысынан кооперативдик соода-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө багытталат», - деди ал.

Приназаров белгилегендей, мындан тышкары, компаниянын ишине улуттук камсыздандыруу компанияларынын да катышуусу пландалууда, алар келечекте долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жоопкерчиликти Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясына өткөрүп бере алат.

Белгилей кетсек, буга чейин Евразия экономикалык комиссиясы Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы эл аралык каржы уюму статусунда түзүлүшү мүмкүн экенин, анын капиталы мүчө мамлекеттердин, ошондой эле эл аралык каржы институттарынын мүлктүк салымдарынын эсебинен түзүлөрүн маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий