• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошто Ак-Буура дарыясынын күнүнө карата экологиялык акциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.08.22./Кабар/. Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын күнүнө карата иш-чаралардын алкагында “Ашар – таза жээк” экологиялык акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, USAIDдин, суу чарба департаментинин, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, МАБ кызматкерлери, жаштар, спортчулар катышты.

Катышуучулар шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө көңүл буруунун, жаштарды шаардын экологиясына кам көрүү, Ак-Буура дарыясынын жээктеринин жана башка суу объектилеринин тазалыгына маани берүүнү белгилешти.

Акциянын 100дөн ашык адам катышып, Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалашты.

Пикир

Оставить комментарий