• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эдил Байсалов Европа кеңешинин парламенттик Ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 24,03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Франция Республикасынын Улуттук жыйынынын депутаты жана ЕКПА Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин баяндамачысы Жак Мэр башында турган Европа кеңешинин парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары ЕКПА делегациясы менен ЕКПА – Кыргызстан демократия үчүн өнөктөштүгү алкагында демократия, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү жана парламентаризм жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Эдил Байсалов ошондой эле ЕКПА делегациясына өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде делегациянын башчысы Жак Мэр демократия үчүн өнөктөштүктү толук кандуу ишке ашыруу максатында ЕКПА Кыргыз Республикасы менен кызматташууга даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий