• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын сатууларынын рентабелдүүлүгү өстү

Экономика 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-сентябрында экономиканын реалдуу секторунда 25 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер иш жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Бул мезгил ичинде алардын дүң кирешелеринин көлөмү 628,5 млрд. сомго жетти, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда дээрлик төрттөн бирине көбөйдү.

Алардын олуттуу өсүүсү дүң жана чекене соода уюмдарында, курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, пайдалуу кендерди казуу, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, ошондой эле маалымат жана байланыш ишканаларында белгиленди.

2023-жылдын январь-сентябрында экономиканын реалдуу секторунун рентабелдүү ишканаларынын үлүшү алардын жалпы санынын 33%ын түздү, ал эми ишканалардын 17%ы чыгым тартышты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык оң болуп түзүлдү жана 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 102 млрд. сомго жакын пайданы түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 12,5%га аз.

2023-жылдын 9 айынын ичинде сатуулардын рентабелдүүлүгү жалпы экономиканын реалдуу сектору боюнча 16%ды түздү. Ошентип, экономиканын реалдуу секторунун ишканалары алынган дүң кирешелеринин 1 сомунан орточо 0,16 сом (16 тыйын) пайда алышты.

2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен финансылык ортомчулук уюмдары (43,4%), соода (34,3%), байланыш ишканалары (32,5%) жана кыймылсыз мүлк операциялары чөйрөсүндөгү ишканалар (31,8%) эң жогорку рентабелдүүлүккө жетти.

Муну менен бирге мунайзат азыктарын өндүрүү ишканаларынын сатууларынын чыгашалуулугу 80,6%ды, электр энергиясын иштеп чыгуу, аны берүү жана бөлүштүрүү ишканаларынын сатууларынын чыгашалуулугу 27,5%ды, курулуш уюмдарынын сатууларынын чыгашалуулугу 1%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий