• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Айдит Эркин Бельгиянын падышасына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин Бельгиянын падышасы Филиппке ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Улуу Даражалуу Филипп менен болгон сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтык маселелерин, ошондой эле Борбор Азия аймагындагы жана дүйнөдөгү кырдаалды талкуулады.

Мындан тышкары, Айдит Эркин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын айтып, кыргыз тараптын эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө даярдыгын белгиледи.

Бельгиянын падышасы Филипп элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчи Филипп өкүмдарга жылуу кабыл алуу жана каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, көрүнүктүү жазуучу, ойчул жана Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы биринчи элчиси Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган француз тилиндеги китеп-альбомду жана ал кишинин Филипп падышанын атасы Улуу Даражалуу II Альбертке 1994-жылы тапшырылган ишеним грамотасынын көчүрмөсүн белекке ыйгарды.

Пикир

Оставить комментарий