• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министри бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен өз ара кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 07.10.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова майып балдарга жана чоңдорго, улгайган жарандарга, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга ар кандай кызматтарды көрсөткөн бейөкмөт уюмдар менен кызматташуу багыттарын талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана социалдык колдоого муктаж калкты камтууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Гүлнара Баатырованын айтымында, Министрлик өкмөттүк эмес сектор менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр.

“Открой сердце” фондунун жетекчиси Людмила Лобасенко жайкы эс алууда майып балдарды коштоп жүрүүчүлөрдү эске алууну суранды, анткени жолдомолор өзгөчө балдарга гана берилет.

"Манас" социалдык айылынын жетекчиси Гүлбарчын Такырбашова жабык мекемелерди реформалоо зарылдыгын белгиледи.

"Бизге инклюзивдүү мастерскойлорду ачуу үчүн имарат керек.Ал жерде Москва районунан майып адамдарды окутуп, жумуштарга орноштуруу ниетибиз бар. Биз жергиликтүү бийликке бир жылдан ашык убакыттан бери кайрылып, жооп дагы деле келе элек ", - деди ал.

Эрте кийлигишүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маселени "Колдон колго" коомдук уюмунун өкүлү Жылдыз Садыкова көтөрүп, мамлекеттик социалдык заказдын алкагында бул тармакты каржылоону көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий