• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек сиңирген артистти өлтүрүүгө буйрутма берүү фактысы иликтенүүдө - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кылмыш жасоого даярдануу боюнча кылмыш ишинде күбө катары жүрүп, издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында Бишкекте маалымат жыйынында Эмгек сиңирген ишмери Эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө буйрутма бергендиги айтылган.

Маалыматка ылайык, ортодогу чыр Эл артисти наамынын жана окууну аяктагандыгы тууралуу дипломдун жасалмалыгы ачыкталгандыгынын тегерегинде чыккан. Мындан улам Эмгек сиңирген артист менен анын жубайын сабап кетүү, өлтүрүүгө “буйрутма” болгон.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Эмгек сиңирген артист Нурканбек Турсунбаевду сабоо фактысы боюнча 2018-жылдын ноябрь айында Ленин РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан А.Б. аттуу жаранга карата 234-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат. Ал эми ушул жылдын жазында документтерди жасоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Өлтүрүүгө буйрутма берүү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы 2018-жылдын октябрь айында аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 27, 97-беренесинин (адам өлтүрүүгө даярдануу) негизинде кылмыш ишин козгогон. Ички иштер органдары тарабынан негизги күбө катары кылмыш жоопкерчилигине тартылган А.А. аттуу жаран аныкталып, ал суракка алынган.

Анын көрсөтмөсү боюнча, ага эки жаран кайрылып, Эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө 10 миң долларын сунуштаган. Ошондой эле, алдын ала акысына 1 миң долларын беришкен. Башында тергөө менен кызматташып жаткан А.А. аттуу жаран кийинчерээк изин жашырып кеткен. 2018-жылдын ноябрь айында жогоруда аты аталган жаран издөөгө алынган.

Жакында милиция кызматкерлери А.А. аттуу жарандын кайда жүргөндүгүн аныктап, ал колго түшүрүлгөн. Кечээ 12-декабрь күнү Биринчи май райондук соту аны 2 айга тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Азыркы учурда бардык козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий