• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртеңден тарта Базар-Коргон районунда окуучулар салттуу окуй баштайт

Аймак 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы бардык 1-5-9-11-класстардын окуучулары 13-январдан тарта мектептерде салттуу билим ала баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда шайлоодон кийинки жалпы 57 билим берүү мекемелеринин имараттарын толук дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Аны менен бирге жылуулук менен камсыздоо аракеттери да колго алынган.

Мугалимдерге, окуучу жана ата-энелерге мектепте санитардык талаптардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Калган класстардын окуучулары райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин сунуштамасынын негизинде, мектептерде билим алуусу жанданат.

Пикир

Оставить комментарий