• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эскертүү берилди. Өзгөндө курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушунда кемчилдиктер бар экени айтылды

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Өзгөн районуна иш сапары менен барды. Анын алкагында Өзгөн шаарында жаңы салынып жаткан 100 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы таанышуу учурунда курулуш иштеринде бир катар кемчиликтер бар экенин айтып, курулуш компаниянын жетекчисине эскертүү берди.

“Бала бакчанын сырткы фасадын кайрадан сырдап чыгуу керек. Ошондой эле ичинде да бир катар кемчиликтер бар экен, алардын баарын 15-сентябрга чейин жойгула. Мамлекет атайын билим берүү мекемелерине акча бөлүп жаткан соң, силер да сапаттуу кылып бүтүрүшүңөр керек. Айтылган кемчиликтер жоюлбаса кабыл албагыла”, - деди Зиядин Жамалдинов.

100 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштери 2018-жылдын аягында башталып, 2021-жылдын 15-сентябрында пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 19 миллион сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий