• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

GoBus кызматынын Караколго сапар тарткан автобустарынын билеттери февралга чейин сатылды

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. GoBus кызматынын Бишкектен Караколго сапар тарткан автобустарынын билеттери февраль айына чейин сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, 1-февралга чейинки билеттердин баары мобилдик тиркеме аркылуу сатылды.

“Билеттердин баарынын сатылышы калк арасында бул кызмат керек экенин айгинелейт”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, GoBus кызматынын автобустары Бишкектен Караколго жана кайра артка жүрүү 2022-жылдын 26-декабрында иштей баштаган. Автобустар ортодон Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево жана Түптөн токтойт.

Бул каттам туристтердин жана жергиликтүүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ишке кирген. Автобус 50 адамга ылайыкталып, акысыз Wi-Fi, жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүү жана коопсуздук жагынан өзгөчөлөнөт.

Бишкектен Караколго чейинки жол 6,5 саатты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий