• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Hyundai Porter унаасы дарыяга кулап, эки адам каза болсо, бирөө изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына 24-июнь күнү түнкү саат 22:00дөр чамасында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Унаадагы 5 адамдын ичинен 41 жаштагы эркек жана 13 жаштагы кыз куткарылган. 25-июнь күнү 37 жаштагы жана 28 жаштагы аялдардын сөөгү табылган. Учурда 4 жаштагы кыз дайынсыз болууда.

27-июнда 19 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Саат 17:00дө издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 28-июнь күнү иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий