• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны Ош шаарында кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-мартта Россиянын 28 жаштагы Х.Р.Ж. аттуу жараны ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал Ингушетиянын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.

11-мартта Х.Р.Ж. Ош шаардык сотунун чечими менен №5 тергөө абагына бир айга камалды.

Пикир

Оставить комментарий