• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Түндө коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 113 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 113 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаарында – 98, Ош шаарында – 11, Жалал-Абад шаарында – 4 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган эмес.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4846 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын 4733 эркектер, 555 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Алардын ичинен 3571 жаран эскертилип, 1275 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 373 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Эске сала кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий