• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Илбирс” командасы өспүрүмдөр арасында өлкөнүн чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. “Илбирс” командасы 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында футбол боюнча өлкөнүн чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кант шаарында 11-14-октябрь күндөрү футбол боюнча Жогорку лиганын финалдык этабы өттү. Финалдык этапка 4 команда катышты: А зонасынан “Дордой” жана “Илбирс”, В зонасынан “Каганат” жана “Шахтёр Кызыл-Кыя” командасы.

Чемпионаттын жыйынтыгы:
1-орун – “Илбирс” командасы;
2-орун - “Каганат” командасы;
3-орун - “Дордой” командасы;
4-орун - “Шахтёр” командасы.

Пикир

Оставить комментарий